Уранды алдында 9 күн жаткан: Түркияда аял менен бала куткарылды

Уранды алдында 9 күн жаткан: Түркияда аял менен бала куткарылды

Түркияда жер титирөөдөн кийин дээрлик 9 күн өткөндөн соң урандылардын астынан 77 жаштагы аял менен 12 жаштагы бала куткарылды. Бул тууралуу түркиялык Anadolu агенттиги билдирди.

Адыйаман облусунда урандылардын астынан 212 сааттан кийин 77 жаштагы аял чыгарылды. Ал Фатма Гүнгер аттуу аял болгон. Жабырлануучу ооруканага жаткырылды. Урандылардын жанына чогулган аялдын жакындары куткаруучуларга чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти.

Ушул эле облуста куткаруучулардын тобу жер титирөөдөн 207 саат өткөндөн кийин 12 жаштагы баланы тирүү куткарып калууга жетишти.

Жабыркаган бала да дароо ооруканага жаткырылган. Учурда баланын атасын жана бир туугандарын куткаруу иштери жүрүп жатат.

6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө катуу жер титирөөлөр болгон. Анын айынан, акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда каза болгондордун саны 35 миңден ашты.

Президент Режеп Тайып Эрдоган жаратылыш кырсыгынан каза болгондор үчүн Түркияда жети күндүк улуттук аза күтүү жарыялаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>