Тыюу салынган жерге турак-жай курууга уруксат берген мамкызматкерлерге иш козголду

Тыюу салынган жерге турак-жай курууга уруксат берген мамкызматкерлерге иш козголду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тыюу салынган жерге турак-жай имаратын куруга уруксат берген бир нече мамлекеттик мекеменин кызматкерине карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай, Бишкек шаарынын Ахунбаев көчөсүнүндөгү көп кабаттуу имараттын курулушуна уруксат берүүдө, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик ишканасынын, Мамлекеттик архитектура агенттигинин мамлекеттик экспертизасынын, Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, мыйзамдарды одоно бузушкан.

Бул факты  Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (“Кызмат абалынан кыянаттык менген пайдалануу”) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда  жогорудагы мамлекеттик органдардын мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар кызматкерлерин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>