Садыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандарКыргызстандын 20 мамлекеттик кызматкери Жапонияда жогорку билим алатКазакстандын Коргоо министрлиги казакстандыктарды аскердик техниканын кыймылы тууралуу эскертти
UFC чемпиону Валентина Шевченконун кийинки атаандашы аныкталды
22.11.2019 | 16:01
Кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко кезектеги беттешин 2020-жылдын февраль айында өткөрөт. Анын атаандашы америкалык Кэтлин Чукагян аттуу мушкер.
Беттеш кийинки жылдын 8-февралында АКШнын Хьюстон шаарында UFC 247 турнири өтөрү пландалууда.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда туулуп-өскөн Валентина Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында таймаштын аралаш түрлөрү боюнча UFC мелдешинде жеңишке жетип, чемпион болгон. Андан бери эки жолу мелдешке чыгып, чемпиондук курду коргоп келе жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт