«Манас» эл аралык аэропорту аркылуу дээрлик 4 кг алтынды Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын жараны 3-сентябрда болжол менен саат 08:40та «Манас» аэропортунан Индияга 3 кг 985 грамм алтынды чыгарып кетүүгө аракет кылып жатканда колго түшүрүлгөн. Анын алтынга тиешелүү расмий документтери болгон эмес.
Аталган фактыга байланыштуу «Манас» эл аралык аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматынын 2 кызматкери жана 2 жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
УКМКнын маалыматы боюнча аталган коррупциялык боюнча аткезчилер Индияга бир нече жолу алтын чыгарып кетишкен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз