УКМК: «Кадастр» ишканасынын Оштогу жетекчиси кармалды

 УКМК: «Кадастр» ишканасынын Оштогу жетекчиси кармалды

«Кадастр» ишканасынын Оштогу жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК жерлерди пайдалануу чөйрөсүндөгү коррупциялык схемаларды жоюу боюнча иш-чаралардын жүрг үзүүдө. Анын алкагында Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын директору «С.И.Б.» тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.

Такталгандай, 2020-жылдын август айларында «Ош электро» ЖАК  административдик имаратты сатуу боюнча аукцион өткөрүп, жыйынтыгында 8 миллион сом арзан баада жеке адамга сатылган. Аталган аянттагы жер тилкесинин 1 чарчы жердин базар баасы 2,5 миллион сомдон жогору болгон.

Ошентип, имараттын жалпы аянты 600 м2 ашуун, 16,65 жер тилкесинде жайгашкан.

Мындан тышкары, «С.И.Б.» белгиленген тартипти бузуп жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, көрсөтүлгөн жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик Актыны мыйзамсыз чыгарган. Ал менчикке бербестен убактылуу пайдаланууну камсыз кылышы керек болчу.

2021-жылдын 5-апрелинде кармалган «С.И.Б.» УКМК Ош шаардык жана Ош облустук тергөө камак жайына киргизилген.

Учурда жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү башка коррупциялык факторлорду аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>