УКМК кармаган журналисттин саламаттыгы тууралуу маалымат берилди

УКМК кармаган журналисттин саламаттыгы тууралуу маалымат берилди

«Назарньюс» сайтынын жетекчиси Гүлжан Каримовага кыйноо көрсөтүлгөн эмес. Бул тууралуу Акыйкатчы институту Reporter.kg’ге билдирди.

Укук коргоо уюмунун кызматкерлери тергөө абагына барып, журналист менен жолугушуп чыгышты.

Ал институттун кызматкерлерин көргөндө ыйлап, стресске кабылганын айткан. Аны менен бирге үй-бүлөсүнө жеке жактоочуга муктаж экенин айтып коюуну өтүнгөн — тергөө иштери учурунда ага мамлекеттик жактоочу берилген.

«Ден соолугу жакшы, дары-дармек маселеси жок. Журналист тергөөчүнүн дооматтарына макул эмес. Анын жактоочусу бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча шаардык сотко аппеляциялык арыз менен кайрылат», — деп билдиришти Акыйкатчы институтунан.

Эскерте кетсек, Гүлжан Каримова 16-ноябрда УКМКга сураккка чакырылып, ошол эле күнү 48 саатка камакка алынган. Анын кармалышына 2023-жылдын январь айында Facebook баракчасына жазган посту себеп болгон. Ал Кылмыш-Жаза кодексинин 330-беренесинин негизинде диний кастыкты козутууга шектелүүдө.

18-ноябрда Биринчи май райондук соту Гүлжан Каримованы 1-декабрга чейин камакка алды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>