УКМК: Жарандардын атынан жалган маалыматтар таратылууда — видео

УКМК: Жарандардын атынан жалган маалыматтар таратылууда — видео

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети кыргыз-тажик чек арасындагы абалга байланыштуу Кыргызстанга каршы маалымат согушта өлкө жарандарынын атын жамынып жалган маалымат тараткандар бар экенин билдирди.

Маалыматка караганда алар социалдык тармактарда Кыргызстандын жарандарынын сүрөтүн, жеке маалыматтарын пайдаланып аккаунт ачып, бурмаланган, жалган маалыматтарды таратууда.

«Акыркы күндөрү Кыргызстанга каршы маалымат согушунда кызыкдар тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилени курчутуп, кандайдыр бир жол менен фактыларды тескери бурмалап, Кыргызстанды терс өңүттө көрсөтүүгө аракет кылууда. Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарды пайдаланып, чек арадагы чыр-чатакты көрсөткөн жалган фейк маалыматтарды таратууда», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан тууралуу бурмаланган маалыматтар таратылган аккаунттарда аты-жөнү көрсөтүлгөң жарандар, аларга эч кандай тиешеси жок экенин билдирген (Саатбек Эгамбердиев, видеосу тиркелген).

УКМК социалдык тармактардын колдонуучуларын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн мындай жалганга, чагымчылдыкка алдырбоого жана өздөрүнүн жеке маалыматтарын кызыкдар күчтөрдүн Кыргызстандын жана анын жарандарынын кызыкчылыгына каршы пайдалануусуна жол бербөөгө чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>