Жапаров менен Путин чек арадагы абалды талкуулады

Жапаров менен Путин чек арадагы абалды талкуулады

Бүгүн, 18-сентябрда, Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулаган.

Жапаров Владимир Путинге учурдагы абал, кыргыз тараптан каза болгондордун жана жабыркагандардын саны, кагылышуулардын натыйжасында Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарындагы жарандык жана социалдык инфраструктуралык объектилердин талкаланышы жөнүндө маалымдады.

Эки тараптан тең Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кризистик кырдаалды тынчтык дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуунун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынын аркасында куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган. Расмий бийлик органдары 17-сентябрга караган түн тынч өткөнүн кабарлаган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

17-сентябрь күнү чек арадагы абал чыңалуу бойдон калды. Тажикстандын аскерлери ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууларды бузуп, Баткендеги айылдарды (ДостукПаскы-Арык) жана Ош облусунун Чоң-Алайдагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылады.

18-сентябрга караган түн да тынч өттү. Саат 14:00гө карата УКМК билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч бойдон калууда жана турукташуу тенденциясы бар.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын баскынчылыгынан Кыргызстан тараптан 37 адам каза болду. Ошондой эле жарадар болгондордун саны 130дан ашат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>