Кыргызстандын Кытай менен товар жүгүртүүсү 27 млрд долларга жетти — Айыл чарба министрлигиЫсык-Көлгө 3,7 миллион даана балык чабагы коё берилдиКыргызстандык мектеп окуучулары Тажикстандын парламентинде болуштуБишкекте ишкерлер менен инвесторлорду бириктирген эл аралык көргөзмө өтүүдөСагынабызбы? Депутаттар сентябрга чейин каникулга тараштыБишкектин айрым көчөлөрүндө 26-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулат
УКМК: Ош ЖЭБинде ири коррупциялык схема аныкталды
19.02.2021 | 11:12
Ош шаарындагы Жылуулук электр борборунда коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык Жылуулук электр борборуна ири коммерциялык ишканалар мыйзамсыз кошулуп, колдонуп келген. Алардын көпчүлүгү мончо, спорт зал, медициналык жай жана көп кабаттуу үйлөр. Алардан түшкөн акчалар Ош Жылуулук электр борборунун жетекчилеринин чөнтөгүнө кетип турган.
Учурда ушул сыяктуу башка фактыларды да аныктоо, келтирилген чыгымдын суммасын тактоо иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар