Садыр Жапаров Орусиянын аймактарына өнөр жай жана IT тармагындагы долбоорлорду сунуштадыӨзбекстан Борбордук Азиянын туристтик рыногунда сап башына чыкты — изилдөөТокмокто аялын жана балдарын сабоого шектелген жаран эки айга камалдыМинистрлик жарандарды жана туристтерди «Таш-Рабат» комплексине барбай турууга чакырдыМихаил Мишустин ЕӨАК жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келдиУлуттук банк айрым банктар накталай орус рублун албай жаткан жагдай боюнча түшүндүрмө берди
Жалал-Абадда “беспредельщик” атыккан жаран кармалды, – УКМК
03.04.2024 | 17:05
Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда “беспредельщик” атыккан жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, шектүү катары кармалган 53 жаштагы О.А. аттуу жаран мурда бир нече жолу соттолгон: бейбаштык үчүн 4 жолу жана киши өлтүрүү үчүн 1 ирет. Ал өзүн криминалдык авторитет катары көрсөтүп, ишкерлерди ур-токмокко алып жүргөн. Бул боюнча жабырлануучулар УКМКга кайрылган.
Ал 1-апрелде кармалган. УКМК билдиргендей, шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, уруксат документтери жок сакталган курал табылып алынган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
УКМК шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0995 012 210 номерине кайрылуусун өтүнөт.