УКМКдагы жыйындан кийин менчик лабораторияларда баалар арзандады

04.03.2024 | 18:40

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстандагы лабораториялардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.

Ага катышкан  “Интелмед” (Бонецкийдин лабораториясы), “Аквалаб”, “Евролаб”, “Гемотест”, “Экспресс-Плюс”, “Медикана”, “Лазмед клиникасы”, “Гуман”, “Интер-Лаб” (Инвитро), “Интермедикал” жана “Фарватер”  компаниялары   лабораториялык изилдөөлөрдүн  баасын  30 пайызга чейин төмөндөтүүнү убадалашты.

Ал эми реагенттерди жеткирүүчүлөр “Юни-Хелп”,”Лаб-Сервис”, “Кокомерен”, “Юрфа”, “Эль-Фарм”, “Медикс-Элес”, “Медцентр.кж”  “Би-Хелс-Фарм”, “Эрай-Фарм”, “Фарватер”, “Мээр-Чоп”, “Мирамед жана Ко”, “БиЛайв”, “Медитэк”, “Меди-Прогресс” жана “Дайра-Фарм” сыяктуу бир катар ЖЧКлар берилген реагенттердин баасын 15% га чейин арзандатат.

“Юрфа” лабораториясы “Текшерүү томографиясынан” өтүү кызматын 20% га түшүрөт.

Мамлекеттик медициналык мекеменин дарыгеринин жолдомосу менен барган бейтаптарга “Бонецкий” лабораториясында 50 пайыз арзандык болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top