Жол кырсыкта каза болгон Айзанын жакындары адилеттикти талап кылат

Жол кырсыкта каза болгон Айзанын жакындары адилеттикти талап кылат

Бүгүн, 18-январда Жогорку сотто 24 жаштагы Айза Улан кызын сүзүп кетип, окуя жеринен качкан айдоочунун үй камагына чыгарылышы боюнча маалымат жыйын өттү.

Маалымат жыйында айдоочуну үй камагына чыгарган Сведлов райондук сотунун судьясы Айзада Исаева түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, айдоочунун бөгөт чарасы каралып жатканда, сотко шектүүнүн 5-стадиядагы бөйрөк оорусу, терминалдык стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги, 2016-жылдан бери гемодиализ алып келе жатканы тууралуу медициналык документтер көрсөтүлгөн. Аталган оору өкмөт тарабынан бекитилген, шектүүнү камакка алууга тоскоол болгон оор оорулардын тизмесине киргендиктен ал үй камагына чыгарылган.

Ал билдиргендей, бөгөт чарасы тандалганда адамдын  күнөөлүү же күнөөсүз экени каралбайт. Баш коргоо чарасы тергөө жүрүп жатканда колдонулган чара болуп саналат. Айдоочуга карата өкүм тергөө аяктап, иш сотко өткөндөн кийин чыгырылат.

Ошол эле учурда маалыматка жыйынга катышып жаткан Айза Улан кызынын агасы Милан Мураталиев сотко суроо узатып, кармалган айдоочунун бөйрөгү алмаштырылганын жана гемодиализге муктаждыгы жок экенин айтты.

Сот Исаеванын айтымында, шектүүнүн 2013-жылдан бери ден соолугуна тиешелүү документтер берилген. Ошол жылы ал ден соолугуна байланыштуу пенсияга чыккан – ал милиция кызматкери болуп иштеген.

«2016-жылы ага операция жасалган. Анын эки бөйрөгү алынып, бир бөйрөк салынган. Бөйрөк алмаштырылгандан кийин адамдан аталган диагноз (5-стадиядагы бөйрөк оорусу, терминалдык стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги – ред.) жокко чыгабы деген маселе каралып. 2015-жылдан баштап 2021-жылга чейинки документтерде аталган диагноз турат. Башкача айтканда ал диагноз жокко чыккан эмес», – деди ал.

Ал эми Айзанын Улан кызынын агасы Милан Мураталиев укук жана сот органдарынан акыйкатыкты гана талап кылат. Ошол эле учурда айдоочунун ден соолугуна байланыштуу маалымкаттарды кандай жол менен алганына күмөнү бар экенин айтат.

«Ал киши милициянын мурдагы майору экен. Жол кырсыктан кийин качып кетип, төрт күндөн кийин милиция кызматкерлери издеп тапкандан кийин, сот чыгарып салганына аябай жаман болдук. Бизге акыйкаттык керек», — дейт ал.

Анын айтымында, Айза мектепти Кочкордо аяктаган. Атайын программа боюнча Америкада бир жыл билим алган. Магистратурасын Италияда окуган. Айза тергөөчү болуп иштөөнү кыялданган.

Эскерте кетсек, кырсык 9-январда саат 07:10 чамасында Жибек-Жолу көчөсү менен Республика көчөсүнүн кесилишинде болгон. Айза Улан кызы жөө өтмөк менен өтүп бар жатканда, аны унаа сүзүп кетип, ал карама-каршы тилкеге кулап түшкөн. Ошол учурда аны экинчи унаа сүзүп, ал окуя жеринде каза болгон. Кырсык болгондон кийин айдоочу окуя жеринен качып кеткен.

Айза Улан кызы ИИМдин Академиясынын Квалификацияны жогорулатуу борборунун атайын алгачкы кесиптик даярдоо курсунун угуучусу болгон.

13-январда жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен деп шектелип «Тойота» унаасынын 48 жаштагы У.Н. аттуу айдоочусу кармалганы кабарланган. Эртеси күнү анын бөгөт чарасы Свердлов райондук сотунда каралып, ал үй камагына чыгарылган. Анын үй камагына чыгарылышы коомчулуктун сынына кабылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>