Кыргызстанда 95 млн долларга калдыктарды кайра иштетүүчү комплекс куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев Бишкектин Чыгыш айланма жолунун курулушун текшердиКыргызстан Кытайдын литий гиганты Ganfeng Lithium менен кызматташуу меморандумуна кол койдуКыргызстандын Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери Кореяда «акылдуу» дыйканчылык боюнча окуудан өтүштү«ВКонтакте» Кыргызстанда салык төлөй баштадыБишкекте жыл башынан бери автобустар катышкан 521 жол кырсыгы катталды
Өзбекстан 6 айда Кыргызстанга 12,6 миң тонна коон экспорт кылган
30.07.2023 | 17:50
Быйыл 6 айда Өзбекстан Кыргызстанга 12,6 миң тонна коон экспорттогон. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, быйыл жарым жылда Өзбекстан 11 өлкөгө баасы 16,7 млн доллар болгон 79,9 миң тонна коон саткан. Ал былтыркыга караганда 16,8 миң тоннага көп.
Өзбекстан коонду эң көп экспорт кылган өлкөлөр:
– Казакстан – 35,7 миң тонна
– Россия – 29,3 миң тонна
– Кыргызстан – 12,6 миң тонна
– Беларусь – 1,3 миң тонна
– Тажикстан – 664 тонна
– Монголия – 143 тонна
Кыргызстан 6 айда Өзбекстандан 2 миң тонна дарбыз сатып алды
Биздин Телеграм каналга катталыңыз