Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Видео: Бутун терезеден чыгарып, унаа айдаган жигит элден кечирим сурады
03.04.2023 | 14:12
Социалдык тармактарга эки бутун терезеден чыгарып алып, унаа башкарганы тартылган айдоочу элден кечирим сурады.
Ал бейбаштык кылганы үчүн кечирим сурап, башка айдоочуларды анын жоругун кайталабоого чакырды.
Ошол эле учурда тиешелүү органдар айдоочу аныкталып, айып пул салынганы тууралуу маалымат бере элек.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда эки бутун терезеден чыгарып алып, унаа башкарган айдоочунун видеосу тараган. Айдоочунун бул жоругу социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылып, алар айдоочуну таап, айып пул салууну талап кылышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз