Ошто 10дон ашык сулуулук салон, тиш дарылоочу борбор жабылды

Ошто 10дон ашык сулуулук салон, тиш дарылоочу борбор жабылды

Ош шаарында санитардык талаптарды аткарбаган 10дон ашык сулуулук салон, тиш дарылоочу борбор жана медицианлык дарылоо бөлүмү жабылды. Бул тууралуу шардык мэриядан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, жарандардын кайрылууларынын негизинде калктын саламаттыгын коргоо боюнча координациялык жумушчу топ соода жайлардын санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы боюнча рейд уюштурулууда.

«Рейддин алкагында аныкталган мыйзам бузуулардын натыйжасында 5 сулуулук жана косметологиялык салон, 4 тиш дарылоочу борбор жана 5 медициналык дарылоо бөлүмдөрү жабылып, санитардык талаптарды сактабагандарга жеринде тиешелүү актылар түзүлүп, эскертүүлөр берилди», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, рейдге Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, ветеринардык кызматтын, Монополияга каршы кызматтын, адистештирилген мекемелердин жана ведомстволордун жетекчилери жана адистери катышкан..

Текшерүүлөр сентябрдын аягына чейин уланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>