Пакистандан келген студенттерди медициналык кароодон өткөрүү күчөтүлөт

Пакистандан келген студенттерди медициналык кароодон өткөрүү күчөтүлөт

Пакистандан келген студенттерди медициналык кароодон өткөрүү күчөтүлүп, изоляцилоо чаралары киргизилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Ал чет элдик студенттерге карата атайын программа кабыл алынарын айтты.

«Мен Пакистанга барып келгенден кийин ушундай ойго келдим. Анткени алар көп жугуштуу ооруларды жуктуруп кетип жатат», — деди министр.

Белгилей кетсек, Пакистандын саламаттыкты сактоо министри Надим Ян Алымкадыр Бейшеналиев менен жолугушуу учурунда Кыргызстандын медициналык университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн билими төмөн экенин айткан.

2023-жылкы маалыматка ылайык, Кыргызстанда 46 миңдей чет элдик студент окуса, анын ичинен 8 миңге жакыны Пакистандан келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>