Кыргызстандын 700дөй жараны Жапонияда иштөө үчүн окуудан өттү

Кыргызстандын 700дөй жараны Жапонияда иштөө үчүн окуудан өттү

Кыргызстан Жапонияга эмгек мигранттарды жөнөтүүгө кызыктар. Бул тууралуу эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 22-мартта Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидеки мырза менен жолугушууда билдирди.

«Президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын алкагында «Миграциялык процесстерди жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө» биздин министрлик эл аралык эмгек рыногун диверсификациялоого багытталган чараларды көрүп жатат. Министрлик аркылуу жарандар Түштүк Кореяга, Улуу Британияга, Перс булуңундагы өлкөлөргө барып иштей алышат.

Учурда Кыргызстандын 700дөн ашык жараны Жапонияда иштөө үчүн окуудан өтүштү, биз сиздер менен Жапонияда жарандарыбыздын ишке орношуусуна шарт түзүүгө салым кошууну көздөп жатабыз. Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын “Эмгектин ордуна азык-түлүк” долбоорун да колдооңузга үмүттөнөбүз”, — деп билдирди министр Кудайберген Базарбаев.

Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидеки Жапонияга чет өлкөдөн адистерди тартуу керектигин белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>