Видео: Ошто окуучулардын сабалышы боюнча мугалимдер жазаланды

Видео: Ошто окуучулардын сабалышы боюнча мугалимдер жазаланды

Ош облусунун Өзгөн районунда чоң класстын окуучулары өзүнөн кичүү балдарды сабаган окуя боюнча мугалимдер жазаланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарга чоң класстын балдары өзүнөн кичүүлөрдү сабап жатканы тартылган видео тараган. Соцтармактагы билдирүүдө айтылгандай, видеодогу балдар Өзгөндөгү Жумакадыр Мойдунов атындагы мектептин окуучулары болушат.

«Ушинтип чоң балдар «салык» салып, сабашат экен. Сабалып жаткан 7-класстын окуучулары», — деп жазылган билдирүүлдө.

Министрлик билдиргендей, окуя 17-майда сабактан тышкаркы учурда тыт талаасында болгон. Ага байланыштуу Өзгөн райондук билим берүү башкармалыгы ата-энелер менен бирге мугалимдерге карата чара колдонгон.

«Мектепте жетишсиз тарбиялык иштерин алып баргандыгы үчүн директор А. Жакыпова «сөгүш», мектептин социалдык педагогу Г. Кулмаматова, 8 «а» класстын класс жетекчиси Г. Умаралиева, 8 «б» класстын класс жетекчиси Р. Абдырахманова, 9 «б» класстын класс жетекчиси К. эскертүү жазасын алды», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>