БШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалуудаЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазууда
Владимир Золоев баштаган кыргызстандык дзюдочулар дүйнө чемпиондугуна катышат
28.05.2021 | 15:43
Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасы дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, турнир 6-13-июнь күндөрү Будапешт шаарында (Венгрия) өтүп, анда өлкө атынан 4 спортчу күрөшөт.
Дүйнө чемпионатына баруучулардын тизмеги:
- Кубанычбек Айбек уулу, СЧ, 60 кг;
- Владимир Золоев, ЭДСЧ, 81 кг;
- Эрлан Шеров, СЧ, 90 кг;
- Юрий Краковецкий, ЭДСЧ, свыше 100 кг;
- Иса Бичанов, дарыгер;
- Сергей Мистрюков, улук машыктыруучу;
- Абдужалил Юнусов, башкы машыктыруучу.
Белгилей кетсек, Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда Владимир Золоев өлкө тарыхынагы алгачкы алтын байгени жеңген.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт