Гербдин автору Дубанаев мамлекеттик символ кантип кабыл алынганын айтып берди

Гербдин автору Дубанаев мамлекеттик символ кантип кабыл алынганын айтып берди

Туура 30 жыл мурда, 1994-жылдын 14-январында Жогорку Кеңеш өз токтому менен Кыргызстандын мамлекеттик гербин кабыл алган. Герб кандайча түзүлгөн жана кабыл алынган? Гербдин авторлорунун бири — отставкадагы милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев мамлекеттик символдун кабыл алынышы тууралуу айтып берди.

“Көптөгөн жарандарга “кантип милиционер көркөм чыгарма тартышы мүмкүн?”, — деген ой келет. Албетте, мен чыныгы дасыккан сүрөтчү эмесмин, сүрөтчүсү Нарын балдар сүрөт мектебинин директору Асейин Абдраев болгон.

Мен өзүмдүн эмгегим катары мамлекеттик белгини түзүүнү демилгелегенимди эсептейм. Сүрөтчүнү чыгармачылыкка үгүттөп, ал тараптан түзүлгөн эскиздик долбоорду оңдоп жана өзгөртүүлөрдү киргизип, ага идеялар менен дем берип, өз убагында парламенттин депутаттарына жана конкурстук коммиссияга барып, ой-пикирин угуп жана алардын идеяларын сүрөтчүгө жеткирип жүргөм. Биздин бирдиктүү ишибиздин натыйжасында гана биз күткөн жыйынтыктарга жеттик деп ойлойм”, — дейт Дубанаев.

Анын айтымында, ал мамлекеттик гербдин экинчи автору Асеин Абдраев менен 1992-жылы таанышкан.

“Нарын шаарынын балдар сүрөт мектебинин сүрөтчүсү менен танышуубуздун тарыхы, раматылык Асеин Абдраев менен 1992-жылы Ички иштер министрлигинин белгисин түзүү учурунан башталган. Мамлекеттик белгини түзүү сынагын жарыялоо учурунда мен бир убакта Нарындын Ак-Моюн округунун атынан “Легендарлуу парламенттин” депутаты болчумун. Ошондуктан мен тарыхый иштерде нарындыктар дагы активдүү катышуу керек деп эсептегем.

Сүрөтчү Асейин Абдраевди өзүмдүн кабинетиме чакырып, мамлекеттик гербди түзүү сынагына катышуусун сунуштасам, ал буга күмөн ойлорун айтып, “Республикада белгилүү сүрөтчүлөр бар болсо, биз алар менен күч сынаша алмак белек”, — деп жооп берип койгон. Бирок мен өжөрлүгүмдүн айынан аны сынакка катышууга макулдугун алгам. Гербди түзүүгө толугу менен эки жыл кеткен. Мамлекеттик герб боюнча комиссияга “Легендарлуу парламенттин” 21 депутаты кирип, төрагасы белгилүү жазуучу Казат Акматов болгон. Туубуз Жогорку Кеңеш тарабынан 1992-жылы 3-мартта, ал эми гербди талкулоо 2 жылга созулуп, 1994-жылы 14-январда кабыл алынган. Гербдин авторлору Асейин Абдраев менен Садырбек Дубанаев экөөбүз гана эмеспиз. Гербдин авторлору деп Кыргызстандын бүт элин атасак болот”, — дейт ал.

Сөзүн улай ал гербдин баштапкы эскизинде бүткүт тартылган, бирок кийин ак шумкарга алмаштырылганын айтты.

“Алгач биздин эскизде бүркүт тартылган эле. Келип түшкөн сүрөттөр элдин назарына коюлуп, алар сын-пикирлерин айтышты. Гербдин үстүнөн эки жылдай иштеп, жалпы 53 вариантын тарттык. 19-вариантта “Нур” деген ат менен чыгып баштадык. Ойлонуп-толгонуп, элдин сынын эске алып, кыргыз эли эмнеси менен таанылган деп, энциклопедияны каза баштадык.

“Манас” эпосунда ак шумкар достуктун символу, куштун алгыры деп толук эки бет жазылган экен. Ошентип, бүркүттү шумкарга алмаштырдык. Өз учурунда депутаттар, калайык калк көз карашын айтып, ойлору менен бөлүшүп, азыркы гербдин жаралышына олуттуу салым кошушкан», — дейт Садырбек Дубанаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>