«Калыстык издеп жатабыз». Адилет Балтабайдын апасы бийликке кайрылуу жасады (видео)

«Калыстык издеп жатабыз». Адилет Балтабайдын апасы бийликке кайрылуу жасады (видео)

Камакка алынган активист Адилет Балтабайдын апасы Сайкал Жунусова президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасап, уулунун ишинин калыстык менен каралышын көзөмөлүнө алууну суранды.

Сайкал Жунусова билдиргендей, былтыр уулу сын-пикири үчүн кармалып, кийин сотто пробацияга чыгарылган. Эми уулу Адилет Балтабайдын пробациясын жокко чыгарып, кайра абакка камоо аракеттери болууда. Адилет Балтабайдын иши Чүй облустук сотто 22-декабрда каралмак. Бирок ал күнгө жеткирбей эле милиция кызматкерлери уулун 15-декабрда кармап кетип, ал тергөө кабагына камакка алынган.

Калыссыздык болуп жатканын айткан эне президент менен УКМКнын төрагасына калыстык издеп кайрылып, Адилет Балтабайдын ишинин калыс чечилиши үчүн бул маселени көзөмөлүнө алуусун суранды.

«Өткөн жылдан бери калыс сөзүн айтып койгон балабызды соттоолор, камоолор, куугунтуктоолор болуп жатат. 22-декабрда боло турган соттук отурумга чейин Сокулук райондук милициянын уулумду камап койгондугу бул адилетсиздик. Ошондуктан биз сиздерге адилеттик, калыстык издеп, кайрылууну чечтик. Биздин өтүнөрүбүз, туура эмес камалганын туура чечип, пробациясынын жокко чыгарылып жатканы туура эмес болуп жаткандыктан оң жагына чечип берүүңүздөрдү, сиздерге туура эмес кошомат кылып, зыян келтирип жаткандарды тескеп коюуну суранабыз. Биз жөнөкөй элбиз. Миллиондогон жөнөкөй элдин бирибиз. Биз өлкөбүздө тынчтык болушун, өнүгүшүн каалайбыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, Адилет Балтабай 2022-жылдын 30-июнунда Бишкектин милициясы тарабынан «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган. Ал кармалардан мурда кумарканалардын ачылышына каршы болуп, митингдерге чыгып жүргөн.

11-ноябрда Бишкектин Биринчи райондук сотунун чечими менен Адилет Балтабай 5 жылга соттолуп, ошол эле учурда 3 жыл пробациялык мөөнөт белгиленип, эркиндикке чыккан. 2023-жылы 12-январда Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн өзгөртүп, активистти 5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмүн күчүндө калтырылган. Адилет Балтабай сот залынан камакка алынган.

Кийин 19-апрелде Жогорку сот шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарып, Биричи май райондук соттун пробация тууралуу өкүмү күчүндө калтырган. Адилет Балтабай ошол эле күнү абактан бошотулган.

Бирок арадан бир нече ай өткөндөн кийин пробация органы Сокулук райондук сотуна кайрылып, Адилет Балтабай пробация эрежелерин бузганын билдирип, аны камакка алууну өтүнгөн. 10-ноябрда Сокулук райондук соту өтүнүчтү канааттандырган.

Бирок активист кайра камакка алгыдай мыйзам бузбаганын билдирип, кайра камоо аракетин айткан сын пикири үчүн куугунтук катары баалап келет. Учурда алар Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Активисттин жактоочусу билдиргендей, мыйзам боюнча аппеляция берилгенден кийин, облустук соттун өкүмү чыкканга чейин, райондук соттун өкүмү күчүнө кирбей турат.

11-декабрда Адилет Балтабайдын жактоочусу ооруп келе албай калгандыктан Чүй облустук сотундагы отурум 22-декабрга жылдырылган. Ошол эле күнү Адилет Балтабай укугу тебеленип жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган.

15-декбарда активист кармалып, №1 тергөө абагына камакка алынган.

Адилет Балтабайдын жубайы: Жолдошумду соттун өкүмү күчүнө кире электе камашты

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>