ИИМ чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого чакырды«Шанхай руху» аймактагы ишенимди жана туруктуулукту камсыздайт — МамбеталиевЧолпон-Атада ШКУга мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин кеңешмеси өттүИспания менен Аргентина футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында беттешетБУУ: Жол кырсыктары Кыргызстанга жыл сайын 372 млн доллар чыгым алып келетАдвокат 4 миң доллар алып жаткан жеринен кармалды
Ырчы Болот Тасмаев 49 жашында каза болду
30.06.2020 | 17:20
Ырчы, аткаруучу Болот Тасмаев 49 жашында каза болду. Ырчынын каза болгонун Reporter.kg’ге анын жакындары тастыктады.
Алардын айтуусунда, Тасмаев мурдатан бери кант диабети менен ооруп жүргөн. Учурда анын сөөгү моргдо.
Болот Тасмаев «Сагынам», «Сезген жоксуң» жана башка чыгармалары менен калың элге таанылган.
Ырчы 1971-жылы 3-январда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен айылында төрөлгөн. Ата-энеси чыгармачыл адамдар болгондуктан, Болот Тасмаев кичинекей кезинен сахнага чыккан.
Reporter.kg маалымат агенттигинин эмгек жамааты Болот Тасмаевдин көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом