Ырчы Нурчолпон президенттик сыйлыкка ээ болду

Ырчы Нурчолпон президенттик сыйлыкка ээ болду

Өткөн окуу жылында ийгиликке жетишкен студенттерге президенттик стипендиялар берилди.  Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Маалыматка караганда, президенттин м.а., ЖК төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 25-декабрда, өткөн окуу жылынын жыйынтыгы менен жогорку окуу жайлардын мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшырды. Аталган стипендия окуу жылында ийгиликтүү жыйынтыктарды көрсөткөн 29 ЖОЖдун 70 студенттине берилген. 

Талант Мамытов стипендия ээлерин куттуктап, илим-билим Кыргызстандын келечеги экенин айтып, билим берүү тармагын өркүндөтүү үчүн ири иштер жүрүп жатканын айтты.

Мына ушул 70 студенттин катарында ырчы Нурчолпон дагы президенттик стипендияга ээ болду. 

[su_image_carousel source=»media: 52744,52745,52746,52747,52748,52749,52750,52751,52752,52753″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>