Мал базарда карыянын 120 миң сомун уурдаган адам акчаны кайтарды

Мал базарда карыянын 120 миң сомун уурдаган адам акчаны кайтарды

Токмоктогу мал базарда карыянын 120 миң сом акчасын уурдоого шектелип 39 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-октябрда болжол менен саат 09:00до белгисиз адамдар Токмоктогу мал базарда 79 жаштагы жарандын курткасынын чөнтөгүнөн баласына аш берүү үчүн жылкы сатып алууга алып келген 120 миң сомун уурдап кеткен.

Ошол эле күнү 16-октябрда социалдык тармактарда акчасын уурдаткан карыяга эл акча топтоп, жылкы сатып алып берген видеосу тараган. Бул окуя коомчулук арасында катуу резонанс жараткан. Аталган факт Токмок шаардык милициясында каттоого алынган.

17-октябрда Чүй менен Токмоктун милициясынын жетекчилери 79 жаштагы карыянын жашаган үйүнө барып, сүйлөшүшкөн. Андан кийин ал 120 миң сомун уурдаган белгисиз адамдардын үстүнөн арыз жазып берген. Бул факт боюнча «уурулук» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында Чүй жана Токмоктун милиция кызматкерлери уурулукка шектүү катары Токмок шаарынын 39 жаштагы Г.У. аттуу тургунун кармашкан.

«39 жаштагы Г.У. аттуу жаран тергөө амалдарынан кийин шектүү катары кармалып, Токмок шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Ал 120 миң сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтуруп, акчаны жабырлануучу тарапка берүүсү үчүн тергөө органдарына тапшырды», — деп айтылат маалыматта.

Шектүүгө уурулук кылуу боюнча айып тагылган. Учурда тергөө уланууда.

Эскерте кетсек, 16-октябрда социалдык тармактарда Токмоктогу мал базарда 120 миң сом акчасын уурдаткан карыянын видеосу тараган. Кайдыгер эмес жарандар карыяга 115,5 миң сом топтоп берген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>