Иштен мыйзамсыз алынганын айткан жетекчиге министрлик жооп берди

Иштен мыйзамсыз алынганын айткан жетекчиге министрлик жооп берди

Жумуштан мыйзамсыз алынгандыгын айтып чыккан Ош облусунун Кара-Суу районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун мурунку жетекчисинин билдирүүлөрү боюнча Саламаттык сактоо министрлиги комментарий берди.

Ведомствонун маалыматына караганда, Д.Б. Эмгек кодексинин 81-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык эмгек мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу бошотулган. Анын  “кассирди жумушка албай койгондугум үчүн жумуштан куулдум” деген сөзү чындыкка дал келбейт.

“Кара-Суу районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун 2022-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча текшерүү иштеринин жүрүшүндө 5 млн сомдон ашык каржылык мыйзам бузуулар болгону аныкталган. Бүгүнкү күндө Башкы прокуратура тарабынан иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Мындай мыйзам бузуу Д.Б. башкарып турган мезгилдеги биринчи эле каржылык мыйзам бузуу эмес, мурун да болгон”, — деп айтылат маалыматта

Ошондой эле, Д.Б. Кара-Суу Жалпы дарыгердик практика борборунун жери мыйзамсыз бирөөлөргө өтүп кеткенин жана ал убакта жетекчи Гүлнара Баатырова болчу деп айткандарына министрдин эч кандай тиешеси жок экенин ведомстводон билдиришти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>