Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Ысык-Көлдө аркар аткан браконьерлер кармалды
05.03.2024 | 17:07
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда тоо аркарын аткан браконьерлер кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, алар 4-мартка караган түнү «Чаар-Арча» экологиялык көзөмөл-өткөрмө пунктунан кармалган.
Мыйзамсыз аңчылык кылгандар «Тойота Фораннер» унаасы менен баратканда токтотулган. Унааны 47 жаштагы Барскоон айылынын тургуну (У.А.) айдап бара жаткан. Анын жанында 35 жаштагы айылдашы (Ж.И.) болгон. Текшерүү учурунда унаадан аркардын бүтүн эти, эки мылтык жана ок-дарылар табылган.
Кармалган жарандардын мылтыктарга уруксат кагазы болгон, бирок аңчылык кылууга лицензиясы жок болуп чыккан.
Аталган факт милицияда каттоого алынып, материалдар юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом