Түркияда иштөөгө 6 миң кыргыз жараны уруксат алган

Түркияда иштөөгө 6 миң кыргыз жараны уруксат алган

Түркиянын тийиштүү органдарынын маалыматында, 6 миң кыргыз жаранына иштөөгө уруксат берилген. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпысынан Түркияда 40 миңден 60 миңге чейин кыргызстандык жашайт.

Тышкы иштер министрлиги, аталган өлкөдө 2023-жылдын жарымынан бери миграциялык мыйзамдар катаалдашканын белгилейт.

“Бирок адам укуктары жаатындагы эл аралык нормаларга  ылайык Түркиянын укук коргоо органдары депортация болгон чет элдиктердин өздүгү жана саны боюнча маалымат бербейт”, — дейт мекеме.

Белгилей кетсек, кыргыз диаспорасынын маалыматында, туруктуу жашоого уруксат ала албаган кыргызстандыктар депортация болууда. Алар Элдик курултай президент Садыр Жапаровдон Түркиянын бийлигинен миграциялык мунапыс суранууну өтүнүшкөн.

Түркиядагы кыргыздар Жапаровдон Эрдогандан мунапыс суроону суранат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>