Ысык-Көлдүн тургунунун үйүнөн баңгизат табылды

Ысык-Көлдүн тургунунун үйүнөн баңгизат табылды

Ак-Суу районунун тургунунун үйүнөн баңгизат табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын октябрь айында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгына Ак-Суу районунун аймагында белгисиз адамдар ири көлөмдөгү баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жасап, сактоо менен алектенип жатканы тууралуу билдирүү түшкөн.

Аталган билдирүү Ак-Суу РИИБде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл ОИИБдин жана Ак-Суу РИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тыкыр тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүшүп, шектүүнүн өздүгүн аныктоого жетишкен. Шектүү жаран Ак-Суу районунун 34 жаштагы тургуну Д.С. болуп чыккан.

Ак-Суу райондук сотунун токтомуна ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан шектүү жарандын үйүндө мыйзамдуу тинтүү иштерин жүргүзүшкөндө, 14  ширенке кутучаларына салынган жапайы кендирдиндин жыты бар өсүмдүк заттары табылып, далил зат катары алынган. Алынган далил заттын алдын ала салмагы 250 граммды түздү.

Алынган далил заттардын курамын жана мүнөздөмөлөрүн аныктоо максатында, райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан соттук-химиялык экспертизага дайындалды.

Учурда шектүү жаранга карата, Ак-Суу райондук сотутунун чечими менен  1 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Тергөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>