Мугалим телефонун алып койгон кыз 2-кабаттан секирген. Мугалим окуя тууралуу айтты (видео)

Мугалим телефонун алып койгон кыз 2-кабаттан секирген. Мугалим окуя тууралуу айтты (видео)

Жалал-Абад шаарында мугалим телефонун алып койгон 11 жаштагы окуучу кыз сабак учурунда мектептин 2-кабатынан секирип, бутун сындырган. Окуучу кыздын мугалими окуя тууралуу «Турмуш» басылмасына айтып берди.

Анын айтымында, окуя 10-октябрда кечки саат 18:00дордо болгон. Ал 2 кыз сабакка кечигип киргендиктен, колдорундагы телефонун көрүп, алып койгон. Бирок урушкан эмес. Мугалим билдиргендей, сабакта бардык окуучулардын телефондору алынып, атайын кутуда салынып турган.

Видео: "Турмуш" басылмасы

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында 11 жаштагы окуучу кыз сабак учурунда мектептин 2-кабатынан секирип, буту сынган. Бул окуя боюнча 10-октябрда шаардык милицияга 32 жаштагы келин арыз менен кайрылып, 11 жаштагы кызынын телефонун мугалим алып койгондуктан, кызы мектептин 2-кабатынан секиргендигин билдирген. Натыйжада окуучу кыздын сол буту сынып, Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган.

Бул факт милицияда каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Териштирүү учурунда мугалим милицияга көрсөтмө берген. Мугалим билдиргендей, бир нече окуучу сабакка кечирип киргендиктен, ал алардын телефонун алып койгон. Ал тактага бир нерсе жазып жатканда, телефонун алып койгон кыздардын бири 2-кабаттан секирип кеткен.

Учурда териштирүү иштери уланып жатат.

Жалал-Абадда мугалим телефонун алып койгон кыз 2-кабаттан секирген

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>