Мэр: Сейсмологиялык талаптарга жооп бербеген үйлөрдү бузуу керек

Мэр: Сейсмологиялык талаптарга жооп бербеген үйлөрдү бузуу керек

Бишкекте бардык талаптарга ылайык курулган үйлөр 8-9 баллдык жер титирөөнү көтөрө алат. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта маалымат жыйында шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Ал шаарда тиешелүү талаптарды бузуп курулган үйлөр бар экенин жана аларды бузуу керектигин айтты

«Белгилеп кетейин, бардык норма, талаптар менен курулган үйлөр 8-9 баллдык жер титирөөнү көтөрөт. Кээ бир адистешпеген, өндүрүштүк базасы жок, бирок лицензия алган компаниялар бар. Алардын материал, арматура, бетондун маркасынан үнөмдөп, норманы бузуп курган үйлөрү 8-9 баллга чыдабайт. Андай үйлөр да бар. Алардын баарын текшерип, аларды пайдаланууга берүүгө тыюу салып, бузуш керек», — деди ал.

Ошондой эле, ал Бишкекте 34 турак үй мыйзмасыз курулганын билдирип, эгерде алардын сейсмологиялык жактан мүчүлүштүктөрү жок болсо, аларды мыйзамдаштыруу маселесин кароо керектигин кошумчалады. Себеби, алар коллонууга берилип, кишилер жашап жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>