Жактоочу: Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу начарлоодо

Жактоочу: Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу начарлоодо

Учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начар экенин анын адвокаты Замир Жоошев кабарлады.

Анын айтымында, 18-февралдагы жолугушууда Атамбаев кан басымы төмөн болуп жатканына даттанган.

«Жолукканыбызда ал мага кан басымы 76/60ка түшүп калганын айтты. Өткөн жумада 90/60 болуп жаткан. Дарыгерлер күн сайын анын кан басымын текшерип, бизге маалымат берип турчу. Акыркы күндөрү бизден жашырып жатышат», — деди Жоошев.

Адвокаттын айтуусунда, көз карандысыз дарыгерлер кан басымдын минтип төмөндөөсү инсульт, инфаркт же дагы башка күтүүсүздүктөргө алып келиши ыктымалдыгын билдиришкен.

Мурунку президенттин саламаттыгы начарлап жатканын анын уулу Кадыр Атамбаев да «Фейсбуктагы» баракчасына жазган. Ал «атасы ден соолугун аябай, эл үчүн кызмат кылганын» белгилеп, Алмазбек Атамбаевдин айыгып кетүүсүн тилеп коюуну мекендештерден өтүнгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>