Жактоочу Эмилбек Кимсановдун СИЗО-1де сабалган видеосун жарыялады

Жактоочу Эмилбек Кимсановдун СИЗО-1де сабалган видеосун жарыялады

Учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов сабалган видео тарады. Аны Кимсановдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева “Фейсбуктагы” баракчасына жүктөдү.

«Кечээ мен Бишкектеги №1 тергөө изоляторунда Кимсановдун сабалгандыгы жөнүндө далилдерди алдым. Бул видеодо эки дени сак адам Кимсановду катуу сабап салышкан. Административдик ресурсту колдонуп, аны тергөө изоляторуна камап алып, ур-токмокко алышкан. Алар берилген тапшырмасын аткаруу үчүн далил катары видеого тартышкан.

Буга чейин денеси көк ала болгон сүрөттөрүн жарыялаганбыз. Эмилбек Кимсановду убактылуу кармоочу жайдан СИЗО-1ге алып келинген күнү түндө сабашкан», — деп жазган жактоочу.

Бүгүн, 16-июнда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Самат Калыков учурда Эмил Кимсанов СИЗО-1де же убактылуу кармоочу жайда сабалганы жана ким тарабынан видео тартылганы тууралуу маалымат такталып жатканын билдирди.

https://www.facebook.com/n.suiunbaeva/posts/2547537975349166

Бул окуя боюнча Reporter.kg ушул жылдын 13-апрелинде ЖАМКнын басма сөз катчысы Самат Калыковго кайрылып, Кимсановдун абакта сабалганы боюнча сурап кайрылганда  аталган маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирген.

Белгилей кетсек, Эмилбек Кимсанов 14-февралда спортчу  Төлөгөн Рахманберди уулунун президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуусун өзүнүн “Фейбуктагы” баракчасына жүктөгөн. Кайрылууда спортчу  Ош шаардык комитетинин мурдагы башчысы Кылычбек Саркарбаев жана Нурбек Раимбековдон запкы жегенин айтып чыккан.

Рахманберди уулунун кайрылуусунан кийин ИИМ билдирүү таратып, спортчу менен  Эмилбек Кимсановдун башка чуулгандуу ишке катыштыгы бардыгын ачыктап, аларга издөө жарыялаган.

Издөөдө жүргөн Кимсанов февраль айында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Көп өтпөй Биринчи май райондук соту анын үй-бүлөлүк абалын эске алып, үй камагына алуу боюнча чечим чыгарган.

Бирок ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен 31-мартта кайра камакка алганып,  Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилгени белгилүү болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>