Жалал-Абадда үйлөрүнөн качып кеткен үч өспүрүм кыз табылды

Жалал-Абадда үйлөрүнөн качып кеткен үч өспүрүм кыз табылды

Жалал-Абадда жеӊил жашоого көнгөн өспүрүм кыздар аныкталып,  ата-энелерине кайтарылды. Бул тууралуу аталган облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад милициясы тарабынан 2 айдан бери көчөлөп, ар кандай түнөк жайларда жашап, күн өткөрүп жүргөн 3 өспүрүм кыздар аныкталды.

Алар — Сузак, Ноокен, Тогуз-Торо райондорунан Жалал-Абад шаарына келишкен 2004-жылы туулган И.А., Ж.А. жана 2006-жылы туулган Ж.А. экендиктери такталган.

Өспүрүмдөр үйлөрүнөн бир нече жолу качып, жеӊил жашоого көнүп алышкандыгы, турмуш-шарты жакшы үй-бүлөнүн кыздары экендиги белгилүү болгон.

Кыздардын ата-энелери милицияга чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындан ары аларды катуу көзөмөлгө алуу керектиги эскертилди. Кыздар ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: өспүрүм

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>