Активист Канат Мидин уулу кызматка барды

Активист Канат Мидин уулу кызматка барды

Мидин уулу Канатбек Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Мидин уулу Канат 1990-жылы 5-февралда туулган. 2009-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юридикалык колледжин бүтүргөн, 2012-жылы КМЮАнын дипломуна ээ болгон.

Эмгек ишмердүүлүгү:

2013-жылдын февралынан 2013-жылдын декабрына чейин – КМУнун «Мамлекет жана укук теориясы» жана «Эл аралык укук» кафедраларынын окутуучусу;

2014-2015-жылдары «Республика — Ата Журт» партиясынын республикалык штабынын координатору;

2016-жылдын январынан 2018-жылдын апрелине чейин — «Республика — Ата Журт» парламенттик фракциясынын катчылыгынын башкы адиси;

2018-жылдын сентябрынан 2019-жылдын мартына чейин — Next ТV каналынын башкы продюсери;

2020-жылдын январынан июлуна чейин — парламенттик фракциянын катчылыгынын эксперти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>