Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Жалал-Абадда бир жумада 32 мас айдоочу кармалды
28.12.2020 | 16:54
Жалал-Абад облусунда бир аптада 32 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу ЖККБнын облустук бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, облус аймагында 19-декабрдан 25-декабрга чейин 1178 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды.
Анын ичинен 32 айдоочу автоунааларын мас абалында, 332 айдоочу каттуу ылдамдыкта, 6 айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн болсо жана башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 808 айдоочуга протоколдор түзүлгөн.
Жалпы 238 автоунаа атайын айып короого коюлган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар