УКМК экс-министр Динара Кутманованы кармады

УКМК экс-министр Динара Кутманованы кармады

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, экс-министр Динара Кутманова жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигиндеги бир катар коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, шыктандыруучу жана башкы уюштуруучу катары кармалган.

«Тергөөнүн жүрүшүндө, чогултулган далилдердин, анын ичинде коррупциялык схемалардын башка катышуучуларынын көрсөтмөлөрүнүн негизинде, ошондой эле экс-министрдин жана башка айыпталуучулардын катышуусунда беттештирүүнүн жыйынтыгында, Динара Кутманова жаратылыш ресурстары министри кызматында ага берилген бардык ыйгарым укуктарга ээ болуу менен, жогорку бийлик өкүлдөрү тарабынан берилген ишенимге карабастан, өзүнүн жеке амбициясы үчүн жана жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык тармакты уюштурганы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, экс-министр мыйзамсыз коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн жакындарын (уулу жана сиңдиси), жакын чөйрөсүн (үй кызматкери, уулунун досу ж.б.) тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган деп шектелүүдө.

«Эскерте кетсек, 3 жылдын ичинде каржылоонун жалпы суммасы болжол менен 969 млн 568 миң сомду түзүп, анын 180 млн сому Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин муктаждыктары үчүн мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн. Ал эми жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга 789 млн 568 миң сом берилген.

Ошондой эле, каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө Динара Кутманова тарабынан комиссиянын жыйналышын алардын катышуусуз формалдуу өткөрүү үчүн кысым көрсөтүү фактысы тастыкталды», — деп билдирет УКМК.

Жалпысынан бул кылмыш ишинин алкагында 9 адам айыпталуучу катары тартылып, Динара Кутманованын уулу учурда эл аралык издөөдө жана аны Түркиядан депортациялоо иштери жүрүүдө. Динара Кутманова УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

«Учурда башка ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларын улантууда», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин «Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы» коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече адам, анын ичинде Динара Кутманованын сиңдиси кармалганы, уулу издөөгө алынганы кабарланган.

Кийинчерээк Кутманова уулу Түркияда уурдалганын, уурдаган адамдар акча сурап жатканын, бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылганын билдирген. Бирок ИИМ Кутманованын сөздөрүн төгүндөгөн. Ошондой эле, ал Түркиядан жакынкы мезгилде депортацияланып келерин билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>