Жалал-Абаддын тургуну милицияга унаа белек кылды (сүрөт)

Жалал-Абаддын тургуну милицияга унаа белек кылды (сүрөт)

Бүгүн, 24-апрелде Жалал-Абад облустук милициянын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө Kia K5 унаасы белек кылынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Уна милиция кызматкерлерине Жалал-Абад шаарынын тургуну Акмалбек Закиров тарабынан белекке берилген.

«Жалал-Абад ОИИБнин башчысы Жеңишбек Абитов демөөрчүгө ыраазычылык билдирип, автоунаа жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда кызмат өтөп, кызматкерлерге ыңгайлуу шарт жаратарын белгиледи. Ошондой эле милицияга колдоо көрсөткөн Акмалбек Закировдун иштерине ийгиликтерди жана үй-бүлөсүнө бакыт каалады», — деп билдиришти милициядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>