Россияда кыргызстандык бычактан жараат алды. ТИМдин билдирүүсү

Россияда кыргызстандык бычактан жараат алды. ТИМдин билдирүүсү

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москва облусунун Электросталь шаарында калайман мушташ учурунда кыргызстандык жаран бычактан жараат алган окуя боюнча үн катты.

Министрлик билдиргендей, мушташ учурунда жабыркаган Кыргызстандын жаранына амбулатордук жардам көрсөтүлүп, медициналык жардамдан кийин ал канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылган.

Ал эми аталган окуя боюнча «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.

Кыргызстандын элчилиги Россиянын Электросталь шаарынын укук коргоо органдарына тиешелүү кат жолдогон.

Эскерте кетсек, буга чейин Россиянын «База» Телеграм каналы Электросталь шаарындагы «Вайлдберриз» интернет дүкөнүнүн кампасында жумушчулар арасында калайман мушташ чыкканын жазган. Окуя 27-августта эртең менен болгон. Чыр кайым айтыштан башталып, мушташка 40ка жакын адам катышкан. Алардын айрымдарынын колунда бычак болгон. Мушташ учурунда бычактан жараат алган Кыргызстандын 22 жаштагы жана Россиянын 21 жаштагы жараны ооруканага жеткирилген.

Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, чырды баштагандар менен мушташка активдүү катышкандар изделип жатканы кабарланган.

Россияда массалык мушташ учурунда кыргызстандык бычактан жараат алды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>