Буйрутма менен адам өлтүргөн деп «Карышкырдын» жакыны кармалды

Буйрутма менен адам өлтүргөн деп «Карышкырдын» жакыны кармалды

Жалал-Абадда 24 жаштагы келинди сабап, акчасын тартып алганы үчүн кармалган жаран (Х.А.) буйрутма адам өлтүрүү иш боюнча 1 жылдан бери издөөдө жүргөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, быйыл 28-июлда Жалал-Абадда 24 жаштагы келинди чала тааныш адам сабап, Redmi 9А телефонун, 52,9 миң сом акчасын тартып алган. Сабалган жаш келин Жалал-Абад облустук оорукананын «хирургия» бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми кылмышкер изин жашырып кеткен.

Аталган фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, 26-августта шектүү катары 31 жаштагы Х.А. аттуу жаран Кара-Балта шаарынан колго түшүрүлгөн.

ИИМден билдиришкендей, аталган шектүү 2022-жылдагы буйрутма адам өлтүрүү боюнча 1 жылдан бери издөөдө жүргөн. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү), 261-беренеси (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) боюнча кылмыш иштери козголгон.

Маалым болгондой, аталган жаран (Х.А.) — кылмыш чөйрөсүндө «Карышкыр» каймана аты бар кримтөбөл Мурсалым Умырзаковдун жакын адамдарынын бири, мурда бир нече жолу соттолгон.

2022-жылдын жаз айларында Чүй облусунда 29 жаштагы тургунду белгисиз адамдар уурдап кетип, көрүстөнгө алып барып, ур-тепкиге алып, жыйынтыгында 29 жаштагы тургун көз жумган. Көп өтпөй милиция бул оор кылмышка тиешеси бар деп 4 адамды кармаган. Алардын арасында «Карышкыр» каймана аты бар Мурсалым Умырзаков да болгон. Кылмыштын буйрутмачысы катары өлтүрүлгөн жаран менен чогуу жашаган аял кармалган. Кармалгандарга карата «адам өлтүрүү», «уюшкан топту түзүү же ага катышуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, соттолушкан. Мурсалым Умырзаков 14 жылга эркинен ажыратылган.

Ал эми бул оор кылмышка түздөн-түз тиешеси бар Х.А. аттуу жаран изин жашырып кетип, издөөгө алынган. Ал арадан 1 жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин кармалды.

Жалал-Абадда жаш келин катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Шектүү кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>