Бишкекте туристтик фестиваль өтөт

Бишкекте туристтик фестиваль өтөт

Бишкек шаарындагы Эмен паркында 27-майда саат 10:00дөн 18:00гө чейин Бишкек туристтик фестивалы өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, фестивалды мэрия, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду,  Туризм департаменти жана SunHouse Team агенттиги уюштурууда.

Фестивалдын программасына оюн-зоок мейкиндиги, мастер-класстар жана гастрономиялык зона, туризм рыногунун катышуучулары үчүн көргөзмө зонасы жана шоу-программа кирет.

«Босого» туристтик маалыматтык борборунун базасында Кыргызстандагы экотуризм жана туристтик жерлерди өнүктүрүү жаатындагы белгилүү эксперттердин баяндамасы пландалууда.

Ошондой эле B2B жолугушуулары өткөрүлөт, анда катышуучулар туризм тармагындагы өз идеяларын сунуштап, жаңы тенденциялар менен таанышып, ишкердик байланыштарды түзө алышат.

Фестиваль Кыргызстандын туристтик рыногунун бардык катышуучуларынын бизнес менен таанышуу аянтчасы болуп калат. Биз туроператорлорду, кол өнөрчүлөрдү, конок үйлөр менен мейманканаларды, туристтик кызмат көрсөтүүчүлөрдү, ошондой эле ар кандай этникалык шоу программаларды чогултабыз. Бул 2023-жылкы туристтик сезондун башталышы үчүн күчтүү түрткү болот.

Фестивалдын максаты — ички туристтик продуктыларды өнүктүрүү, туроператорлор менен кызматташуу аркылуу жергиликтүү кызмат көрсөтүүчүлөрдү алдыга жылдыруу. Ошондой эле Бишкекти туристтик аймак катары өнүктүрүү.

Бардык коноктор үчүн кирүү акысыз.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>