ЖАМК: Абакта отурган 94 кишиге паспорт берилди

ЖАМК: Абакта отурган 94 кишиге паспорт берилди

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан 94 киши паспорт алды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

ЖАМКнын түзөтүү мекемелеринде 1500дөн ашуун соттолгондор паспортко муктаж болсо, паспорт алуу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын райондук калкты каттоо жана паспорт берүү бөлүмдөрүнө 800дөн ашуун соттолгондун материалдары жөнөтүлгөн.

«Бүгүнкү күндө анын 94ү паспорт менен камсыз болду. Мындан сырткары түзөтүү мекемелеринин социалдык кызматкерлери тарабынан сот жана тергөө органдарына суроо каттар жөнөтүлүп, соттолгондордун жоголуп кеткен паспортторунун 80 даанасы кайтарылып, соттолгондордун өздүк иштерине тиркелди.

Паспорт менен камсыз кылуу — бул соттолгондорду түзөтүү мекемелеринин өндүрүшүнө жумушка орноштуруу, аларга социалдык жөлөк пулдарды төлөп берүү, никеге туруу жана пенсиялык камсыз кылуу, ошондой эле камак жайынан бошонуп чыккандай кийинки убакытта ар кандай социалдык көйгөйлөрдү чечүү жана жумушка орношуу маселелеринде чоң өбөлгө түзөт», — деп маалымдашты ЖАМКдан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>