Бишкекте Моңголиядагы кыргыздардын тарыхына арналган тасманын жана китептин бет ачары өтөтБишкектеги массалык уулануу — жабыркагандардын саны 44 адамга жеттиДастан Бекешев: Токомбаев көчөсүндө май куюучу жайдын ордуна көп кабаттуу үй курулуп жататБорбордук Азия өлкөлөрү согушсуз эле эгемендүүлүгүн жоготуп алуу коркунучунда туратБишкекте массалык түрдө уулануу катталды — 37 адам жабыркап, бирөө реанимациядаПрезидент бир катар маданият ишмерлерине Токтогул сыйлыгын ыйгарды
Жаңы Жер кодекси: Кыргызстанда жайыт комитеттери жоюлат
18.06.2024 | 12:21
Жаңы Жер кодекси кабыл алынса, өлкөдөгү жайыт комитеттери жоюлат. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Кубат Касейинов Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Касейиновдун айтымында, жайыт комитеттери жоюлгандан кийин жайыт жерлер жергиликтүү бийликтин карамагына өтүп, муниципалдык ишкана түзүлөт. Жайыттагы малдын башына төлөнгөн акыны аталган ишкана чогултат.
Комитет Жер кодексинин долбоорун биринчи окууда жактырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом