Жапалактын Арек айылында 120 орундуу бала бакча ишке берилди

Жапалактын Арек айылында 120 орундуу бала бакча ишке берилди

Ош шаарынын Жапалак айыл аймагындагы Арек айылында 120 орундуу жаңы бала бакча ишке кирди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Осмонов жана Шайлообек Атазов, ошондой эле жергиликтүү бийлик  өкүлдөрү катышты.

Депутаттар жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, алгач Айбек Осмонов сөз сүйлөп бала бакчанын курулушуна токтолду.

«Жаңы пайдаланууга берилген бала бакчаны  2017-жылдары демилгелеп, ошол кездеги шаар мэри колдоого алып, шаардык бюджеттен 25 миллион сомдун тегерегинде акча каражаты бөлүнүп, курулуш иши башталган. Бүгүнкү күнү ишке кирди», — деди Осмонов.

Мындан тышкары депутат Шайлообек Атазов кесиптешинин демилгеси менен  2023-жылга   №35 Жоро Атабаев жана №37 Гапар Айтиев атындагы мектептердин окуу корпустарын куруу планы боюнча маселе көтөрүлүп, бюджетке киргизүүнү сүйлөшүп жатканын айтты.

Эки депутат биргеликте аталган айылдын жол жана газ маселесин чечүүнү колго аларын өз сөзүндө билдиришти. Андан ары депутаттар келе жаткан жылга жаңы куруу планына киргизилип жаткан №35 Жоро Атабаев жана №37 Гапар Айтиев атындагы мектепке барышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>