ЖК төрагасы: Абдибаева педофилдерди коргоону көздөгөн эмесАдылбек Касымалиев жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктадыКыргызстанда мигранттарды ишке орноштуруучу агенттиктер лицензиялоо тартибине өткөрүлөтТалас облусунда 320 млн сомго 300 гектарлык органикалык агрокомплекс ачылдыОш шаарында борбор азиялык сүрөтчүлөрдүн «Jai Jai» көргөзмөсү өтөтЖарандык авиация күнүнө карата «Манас» аэропортунда масштабдуу иштер аяктады
Жапаров: Негизги инвестиция билимге, келечек муунга болушу керек
08.02.2024 | 10:14
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билим берүүнүн сапатына көңүл бөлүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Ош облусунда ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн коллегиялык жыйынында айтты.
“Бизде эң негизги инвестиция билимге, келечек муунга болушу керек. Биздин эң чоң байлыгыбыз-элибиз. Мектептерди жаңылап, мугалимдердин айлыгын көтөрөлү деп аракет көрүп жатабыз, эми мектептеги билим сапатына ар бир облустук жана райондук жетекчилер катуу көңүл бөлүүнү талап кылабыз”-деди Акылбек Жапаров.
Рубрики: Жаңылыктар