Жапаров: «Токтогулдан» суу сатуу мүмкүн эмес, ал жалган жалаа

Жапаров: «Токтогулдан» суу сатуу мүмкүн эмес, ал жалган жалаа

«Токтогул» суу сактагычынан суу сатуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Ал электр энергиясына киргизилген чектөөгө байланыштуу суроолоргоо жооп берди. Анда өлкө башчысы жыл сайын энергетикалык керектөөлөр өсүп жатканын белгилейт. Элди жарык менен камсыз кылуу үчүн ГЭСтеги агрегаттар оңдолуп, жаңы гидростанциялар курулуп жатканын айтты.

«Биринчиден, «Токтогул» суу сактагычынан суу сатыш мүмкүн эмес. Бул сөз жөн гана түшүнүгү жок же популист адамдардын энергетиктерге жапкан жалаасы деп ойлойм. Ал жерде онлайн камералар орнотулган. Баары түздөн-түз көзөмөлдө турат.Экинчиден, ким суу саткан болсо, ал абийирин сатып калсын демекчимин. Эгер жолун таап саткан болсо, андай кызматкерлер жазасыз калбайт. Өтө катуу жазасын алат», — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>