Атазов: Президенттин айланасына эки жүздүү шылуундар чогулуп алды

Атазов: Президенттин айланасына эки жүздүү шылуундар чогулуп алды

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Бишкектин Административдик соту аны мандатынан ажыратканы боюнча “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

Атазов аны депутаттык мандаттан ажыратуу тууралуу чечимди кайсы бир топтун сот системасы аркылуу жасалган кол салуусу деп сыпаттады.

«Сүлкүлдөгөн «Сүмбүлдөрдүн» атын атоого убакыт келип калды окшойт?! Соттордун бүгүнкү кадамы өлкөбүздө адилеттүүлүк, мыйзамдуулук канчалык деңгээлде экенин далилдеп турат. Шашпай эле, мен дарыланып бүткөндө, кол салышса да жетишмек! Ар бир нерсенин эрежеси бар да. Мисалы спортто атайын эрежелер бар. Жыгылсаң сокпойт… Саясатта да саясий маданият, эреже болуш керек!

Тынччылык заман эмес, согушта жарадар болгон адамды да врачтар алып кетип жатса, душмандар тийбейт…», — дейт ал.

Ал»президенттин айланасына кайрадан эки жүздүү шылуундар чогулуп алды» деген ойдо.

«Конституцияда, мыйзамда жок нерсени жасады. Мамлекеттик түзүлүшкө, сот системасына доо кетирди! Сот адилетүү деген сөзгө көө жапты!

Эч кандай юридикалык аргумент, фактылары жок. Өлкөбүздөгү саясий топтордун кызыкчылыгы менен жасалды! Тилеке каршы өлкөбүздө президенттин айланасына кайрадан эки жүздүү аферистер, шылуундар, сүлкүлдөгөн «Сүмбүлдөр» топтолуп калды… Алардын атын атап, коомго жүзүн ачпаса болбойт окшойт?!», — дейт Атазов.

Атазов ага акыркы 6 айдан бери кысым болуп жатканын, аны кимдер жасап жатканын күн сайын ачыктап турарын билдирди.

«Сабыр кылдым, жөн коюшпады», — дейт ал.

Анын айтымында, айрым адамдар президентке туура эмес маалымат жеткиргендиктен, өлкөдө мыйзамсыз иштер болуп жатат.

«Биздин мамлекетте кандай гана мыйзамсыз иштер болуп жатса, баарын кылган, өлкө башчыларына туура эмес маалыматтарды жеткирген «Сүмбүлдөрдүн» айынан болуп жатат!

Кеп менин мандатымда эмес! Адилеттүүлүктө, Мыйзамдуулукта! Мандат — бул бейишке чыктын деген кепилдик эмес! Мандат — бул бактылуулуктун символу да эмес! Мандат элдин берген аманаты, ишеними ! Маселе, мен ошол элдин аманатын татыктуу сактап калдымбы же коркоктук кылып тымпыйып өткөрүп бердимби? Маселе ошол! Мен мандатка кызыкпайм! Аллах ар бир адамдын ырыскысын төрөлгөндө эле чечип койгон!

Мамлекеттик түзүлүшкө сокку уруп жаткан саясий топтор пайда болду! Биз күрөшөлү!», — дейт ал.

Эскерте кетсек, 6-мартта Бишкектин Административдик соту депутат Шайлообек Атазовду мандатынан ажыратып, анын ордуна Абдурахман Муртазалиевди депутат деп таануу тууралуу чечим чыгарды. 2022-жылдагы шайлоодо ал экөө атаандаш болуп, Муртазалиев шайлоону уткан. Бирок БШК Муртазалиев добуш сатып алган деген жүйөө менен аны депутаттыкка талапкерлердин катарынын чыгарган. Натыйжада Атазов депутат болгон. Бул боюнча Муртазалиев сотко кайрылган.

Учурда Атазов чет өлкөдө жүрөт. Депутаттын айтымында, ал Түркияда дарыланууда.

Атазовдун мандатынан ажыратылышы Райымбек Матраимов менен болгон байланышына тиешелүү болушу мүмкүн. Себеби акыркы учурда Матраимов менен байланышы бар делген депутаттар, анын ичинде агасы Искендер Матраимов да мандатын тапшырган. Алдыда дагы бир нече депутат мандатынан ажырашы ыктымал.

Учурда Матраимовдун өзү издөөдө жүрөт.

Сот депутат Шайлообек Атазовду мандатынан ажыратты

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>