Жапаровдун инагурациясына кимдер чакырылганы айтылды

Жапаровдун инагурациясына кимдер чакырылганы айтылды

Бүгүн, Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы шайланган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун инагурациясы 28-январда өтө тургандыгын маалымдаган.

Инагурациянын уюштуруучулары бул иш-чарага чет мамлекеттен бир гана Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевге чакыруу жиберилгенин билдиришти.

«Назарбаевдин келээр-келбеси тууралуу азырынча маалымат жок. Ал эми иннагурацияга чакырылгандардын 70% жөнөкөй адамдар», — дешти уюштуруучулар.

Белгилей кетсек, шайлоонун жыйынтыгында БШК Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти деп каттады. Ал шайлоочулардын 1 млн 105 миң 248 добуш алды, бул 79,20%, башкача айтканда, шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүнө ээ болду.

Шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны 3 млн 563 миң 574 шайлоочуну түздү.

2021-жылдын 10-январындагы кезексиз президенттик шайлоого катышкан шайлоочулардын саны – 1 млн 395 миң 513 адам, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын  жалпы санынын 39,16 пайызын түзөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>