Жапырт камоо: Бишкектеги убактылуу кармоочу жайда орун калган жок

Жапырт камоо: Бишкектеги убактылуу кармоочу жайда орун калган жок

Массалык баш аламандыкты уюштурган деген айып менен кармалгандардын баары Бишкектин убактылуу кармоочу жайына батпай калган. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.

Депутат Руслан Жакышов кармалган активисттер эмне үчүн ар кайсы убактылуу кармоочу жайларга жеткирилгенин сурады.

«Бул техникалык маселе. Бишкектеги убактылуу кармоочу жайда орун калган жок. Биз аларды ар кайсыл жайларга камоого мажбур болдук. Бирок баш коргоо чарасы аныкталгандан кийин бардыгы борбордогу СИЗО-1ге жөнөтүлдү», — деди министрдин орун басары.

Комитеттин жыйынында массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деген шек менен камалган саясатчы жана активисттердин иши боюнча маселе каралууда.

Эске салсак, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген. 

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>