Карындашына асылган айдоочуну атып салган: Сот иши жылдырылды

Карындашына асылган айдоочуну атып салган: Сот иши жылдырылды

Токмок шаарында карындашына ыдык көрсөткөн кишини атып салган адамдын ишин Чүй райондук сотунда кароо уланууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, кезектеги соттук отурум 11-январда өткөн. Анда күбөлөр суралган.

«Азыркы учурда соттук процесстерде күбөлөр суралууда. Кезектеги соттук отурум 20-январга жылдырылды», — деп билдиришти соттон.

Эске салсак, окуя былтыр 1-июлда саат 8:30 чамасында Бишкек — Торугарт жолунун 69-чакырымында, Токмок шаарынын аймагында болгон. Анда карындашына ыдык көрсөткөн кишини агасы травматикалык курал менен атып салган. Ал алган жараатынан каза болгон.

Белгилүү болгондой, тергөө иштери жүрүп жатканда шектүүнүн окуя учурунда аффект абалында болуп-болбогону боюнча экспертиза дайындалган. Чүй облустук милициясы билдиргендей, экспертизанын жыйынтыгы шектүү аффект абалында болбогонун көрсөткөн.

Мындан мурда шектүүнүн жактоочусу Эркинбек Ирискулбеков Reporter.kg’ге билдиргендей, мыйзам боюнча шектүү 8 жылдан 12 жылга чейин камалышы мүмкүн. Бирок экспертиза тарабынан окуя учурунда ал аффект абалында болгону ырасталса, анын жазасы жеңилдетилмек.

«Аффект абалында болгондо кылмышты атайын жасаган болуп эсептелбейт. Анда жаза мөөнөтү 3 жылга чейин берилет», — деп билдирген ал.

Карындашына асылган айдоочуну атып салган: Иштеги жаңы жагдайлар

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>