Жасалма авиабилет саткан аял кармалды

Жасалма авиабилет саткан аял кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын  Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2 жаранга Москвага жасалма авиа билет саткан аял кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык  ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Аял 2 билетти 86 миӊ сомго сатып жиберген. Жасалма билеттин учуу күнү ушул жылдын 12 февралына белгиленген. Сатып алган жабырлануучулар билете көрсөтүлгөн убакта аэропортко барышып, алданып калганын билишкен.

Кармалган аял 1998-жылы туулган Н.Н. , үй бүлөлүү, 2 баласы бар. Ал мындай ишке карыздарынын көбөйүп кеткендигине байланыштуу баргандыгын айткан.

Учурда алдамчылык беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Шектүүнүн колунда жаш 2 баласы бар экендиги эске алынып, үй камагына чыгарылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>